Кыргыз-Өзбек университетинин Кесиптик колледжинде 1-курстардын студенттерин кабыл алуу аземи zoom программасында онлайн режиминде болуп өттү.
Кыргыз-Өзбек университетинин Кесиптик колледжинде 1-курстардын студенттерин кабыл алуу аземи zoom программасында онлайн режиминде болуп өттү. Иш чара аябай кызуу түс алып, концерттик программа менен коштолду. Иш чарада КӨУ Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сарыков Сыргак Токтосунович, университеттин кесиптик проф. комитетинин төрагасы Эгембердиев Шералы Маннапович, Кесиптик колледжинин директору Абдуллаева Чолпонай Хабибуллаевна сөз сүйлөп, студенттерге жылуу каалоолорун билдиришти. Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө студенттерге студенттик билет, окурмандык билет, зачеттук китепче тапшырылды.