КӨЭАУнун профессордук-окутуучулар жамаатынын ишмердүүлүгү боюннча жетекчиликтин текшерүүсү

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, билим берүү сапатын жакшыртуу максатында окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, окуу департаментинин директору Алишер Юсупов, АЧИ департаментинин директору Жеңиш Кантов университеттин түзүмдөрүн, кыдырып чыгышты.
Кыдыруу учурунда китепкана, окуу залдары, факультеттердин ички жылуулугу, аудиториялардын тазалыгы, ички жасалгалары текшерилди.
Ректор студенттер менен жакындан баарлашып, университетте жасалып жаткан иштерге токтолуп, окуу сынактарын тапшыруу учурунда көйгөйлөр жаралса тартынбастан кайрылуусун айтып, студенттерди татыктуу билим алууга үндөдү.