КӨЭАУнун аспирант-изденүүчүлөрү эл аралык семинарга катышып келди
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы, Билим берүү жана илим министрлиги, Министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан Чолпон-Ата шаарында 2021-жылдын 22-24-сентябрь күндөрү аспирант-изденүүчүлөргө атайын эл аралык илимий семинар болуп өттү.
Аталган семинарга Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен илим иштери боюнча проректор, техника илимдеринин доктору, профессор Исманов Медербек Марипжанович, илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, философия илимдеринин кандидаты Ташкулова Шарипа Баратбаевна жана аспиранттар катышып келишти.
Медербек Исманов .“Эл аралык системаларда индекстелүүчү журналдарда илимий макалаларды даярдоо жана жарыкка чыгаруу” боюнча семинардын катышуучуларына кызыктуу баяндама жасап берди. Аталган мекемелер тарабынан мыкты баяндамасы үчүн Ыраазычылык баракча жана катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Иш-чаранын негизги максаты бүгүнкү күндөгү илим жаатындагы өзгөрүүлөр, толуктоолор жана диссертацияны даярдоодо усулдук жардам көрсөтүүгө багытталган.



