КӨУ: “Кыргыз сому: тарыхы, бүгүнкү көндөгү абалы жана келечеги” аталышындагы эл аралык илимий конференция өттү

 

2020-жылдын 10-майында Кыргыз- Өзбек университетинин “Инновациялык экономика “ илимий борборунун демилгеси менен “Кыргыз сому: тарыхы, бүгүнкү көндөгү абалы жана келечеги” аталышындагы эл аралык илимий конференция онлайн түрүндө болуп өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикалсынын жогорку окуу жайларынын ректорлору баш болгон ири экономист- окумуштуулар:Экономика жана финансы институтунун ректору, экономика илимдеринин доктору профессор Сарыбаев Айылчы Сарыбаевич, КР ПРезидентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору философия илимдеринин кандидаты, профессор, Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, КР Өкмөтүнүн алдындагы рынок каржысын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы экономика илимдеринин доктору, профессор Кожошев Арзибек Орозбекович, К.Ш.Токомаматов атындагы Эл аралык универсиитеттин ректору, экономика илимдеринин доктору., профессор Өмүрзаков Сатыбалды Ашимович, Кыргызстан Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору профессор Адиева Айнура Абужалиловна, Б.Бейшеналиеа атындагы мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, доцент Чотонов Мамашарип Мамытович, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун каржы жана каржылык көзөмөл кафедрасынан экономика илимдеринин доктору., профессор Джолдошева Тамара Джолдошевна, Бухара мамлекеттик университетинин эл аралык кызматташтык боюнча проректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Жураев Аброр Тураевич, Өзбекстан Банктык-каржылык академиясынын ректору, экономика илимдеринин кандидаты , доцент Бердияров Бахриддин Тавашарипович, ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, доцент Убайдуллаев Мирланбек Байдусенович, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумаев Нодир Хосиятович, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университетинин ректору,экономика илимдеринин кандидаты, доцент Кадыралиев Алмаз Токтобекович , И. Разаков атындагы КМТУнун кафедра башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Омурбекова Марина Олеговна, ошондой эле ЖАМУнун, ТалМУнун, М.Адышев атындагы ОшТУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, М.Рыскулбеков атындагы КМЭУнун, К.Карасаев атындагы БМУнун, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин өкүлдөрү жана КӨУнун окумуштуу-окутуучулар жамаааты катышты.

Эл аралык илимий конференцияны Кыргыз-Өзбек универсинтенинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич конференция катышуучулары менен тааныштырып чыккан соң ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютаны бекемдөө, баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоо саясатына, коммерциялык банктар, каржы-кредиттик ишканалардын ишмердигинин бүгүнкү абалына кыскача токтолду.

Пленардык жыйынга чейин айтылган ири илимпоз-экономисттердин каалоо-тилектеринде эгемендүүлүк алган постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкысы болуп, Кыргызстан тобокелчиликке барып, улутту квалютасын – “сомду” кабыл алгандыгы белгиленди.Чейрек кылым аралыгында кыргыз сомунун сатып алуу жөндөмдүүлүгү, туруктуу баанын сакталышы жөнүндө кеңири сөз болду.

Ошону менен катар эле ири эономист-илимпоздорду чогултуп, эл аралык деңгээлде уюштурулган илимий конференцияда валюта саясаты, төлөм системалары окумуштуулардын талкуусуна коюлушу бүгүнкү күндүн кечиктирилгис маселелеринин бири экендиги баса белгиленди.

Пленардык жыйында Өзбекстан Олий Мажлисинин депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Нодир Хосиятович Жумаев “Пандемия шартындагы Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын валюта саясаты” аталышында илимий баяндамасын жасады. Өзбекстандык профессор –экономист илимий баяндамасында Өзбекстандын валюта саясаты, бүгүнкү күндөгү өзбек сумунун бүгүнкү күндөгү абалын аныктоодо — коңшулаш жайгашкан эки өлкөнүн улуттук валюталарын кабыл алуудагы мезгилдик шарттар, туруктуу баанын сакталышы, улуттук валюталары кыргыз сому менен өзбек суму сатып алуу жөндөмдөрү салыштырылып, кыргыз сомунун артыкчылыктарын аргументтүү далилдер менен баяндап берди.

Кыргыз-Өзбек университетинин окуу департаментинин башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, Юсупов Алишер Шавкатбекович “Каржы жана башкаруу” аталышындагы илимий баяндамасында бүгүнкү күндүн шартында улуттук валютанын – “сомдун” банктык жана төлөм системасынын ишенимдүүлүгүнүн, коопсуздугунун камсыздалышы, төлөм системаларын эффективдүү аткарылышы жөнүндө кеңири кеп болду. Баяндамачыларга берилген суроо-жооп коштоогон кызуу талкуу пленардык жыйынды жыйынтыктады.

Пленардык жыйындан кийин иш-чараны баштан аяк алып барган э.и.д. профессор Ч.Райымбаев сунуштаган конференциянын жети пункттан турган резолюциясын кабыл алуу менен эл аралык илимий конференция ийгиликтүү жыйынтыкталды.