КӨУ: Бүгүн, «Балдар биздин келечегибиз» аттуу кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

 

«2020-жыл — Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» жана «1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата жарыяланган Кыргыз-Өзбек университетинин түзүмдөрү аралык «Балдар биздин келечегибиз» аттуу кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты.

Ар улуттун балдарынын ортосунда достук, ынтымактык жана тилектештик мамилелерин бекемдөө, балдардын бош убактыларын максаттуу пайдалануу максатында уюштурулган кароо-сынакка университеттин профессордук-окутуучулар жамаатынын балдары жана Оштогу көзү азиздер жана көрүүсү начар балдардын атайын мектеп интернатынын окуучулары катышкан.

Сынак «Балдар биздин келечегибиз» аттуу көркөм окуу, «Бал тилдүү балалык» аттуу балдар темасындагы обондуу ырларды аткаруу жана «Атам, апам жана мен» аттуу үй-бүлөлүк бий өнөрүн көрсөтү шартында өткөрүлүп, балдардын аткаруу чеберчилигине, үнүнүн тазалыгына, кыймыл-аракетине, талантына, формаларына ж.б. көңүл бурулган.
Калыстар тобу кароо-сынактын бардык шарттарын 3 төн 5ке чейинки упайлык баа менен баалап жеңичүүлөрдү аныкташкан.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн КӨУнун ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич кабыл алып, университет тарабынан даярдалган диплом, сыйлыктарын тапшырып, жаш жеткинчектерге, ата-энелерге каалоо тилектерин жолдоду. Андан сырткары окуу жайдын бириккен профсоюз уюмунун белектери менен сыйланышты.
Ошондой эле Кыргыз-Өзбек университетинде эмгектенген көп балалуу ата-энелерге атайын майрамдык баштыкчалар берилди.