КӨУ: Балдарды коргоо күнүнө карата онлайн иш-чара өттү
Кыргыз-Өзбек университетинин чет тилдери кафедрасы тарабынан
Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата
«Бала жашоо булагы, бала өмүр чырагы» аттуу иш-чара уюштурулду. Аралыктан өткөрүлгөн иш-чара студенттердин, атайын чакырылган бөбөктөрдүн коштоосунда өттү.
Балдарга арналган майрамдык иш-чарада чет тилдери кафедрасынын башчысы, доцент Жусупова Даанагүл Ымамидиновна Эл аралык балдар күнүнө карата даярдаган баяндамасын жасады.
Андан соң кыргызстандын Эл агартуу тармагында көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан, КРнын эл агартуусунун мыктысы, дасыккан педагог Садат Саттаровна өз тажрыйбасынан алып балдар жөнүндө кызыктуу маалыматтарды баяндап, бала жашоо булагы, бала өмүр чырагы катары назик, аруу, таза сезимдеги улуу зат, коомчулук, ар бирибиз балдарга камкордук көрсөтүүгө милдеттүүбүз деген оюун билдирди. Мугалимдик кесипти аркалап АКШ, Сингапур, Германия, Индия ж.б. бир катар чет мамлекеттерде болгонун айтып, белгилүү педагогдордун тажрыйбалары менен бөлүшүп, келечектин ээси болгон студенттерге окуучу баланы сүйүп, сыйлап, кадырлап мамиле жасоо жемиштүү жыйынтык берээрин баса белгиледи. Ошондой эле философиялык ой-толгоолор менен коштолгон накыл кептер байма-бай айтылып, талкууланды. Баланы тарбиялоо маселесинде 4 баскычка басым жасады.
Ал эми баланын ден соолугу чың болуп, туура тамактанып, бакубат болуусу тууралуу педиатр У.А.Худайбердиева кеңешин берди.
Кеченин жүрүшүндө студенттер тарабынан балдарга арналып даярдалган ырлар ырдалып, көркөм окуулар, бийлер менен коштолуп, кызыктуу оюн тибинде суроо-жооптор уюштурулду.