КӨУнун Студенттик жаштар комитети тарабынан уюштурулган “Жаңы жылдык бал-2020” кечеси болуп өттү

КӨУда ЖАҢЫ ЖЫЛ!!!

КӨУнун Студенттик жаштар комитети тарабынан уюштурулган “Жаңы жылдык бал-2020” кечеси болуп өттү. Кеченин жүрүшүндө 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча окуудагы мыкты жетишкендиктерге жетишкен жана коомдук, маданий-массалык иш-чаралардагы активдүүлүгүн көрсөткөн студенттер үчүн Ош шаардык мэриясынын, КӨУнун жана профсоюз комитетинин “Ардак грамоталары” менен сыйланышты.

Жаңы жылдык кече кызыктуу оюн-зооктор, ыр, бийлер жана жагымдуу программалар менен коштолду.

Студенттердин маданий эстетикалык эс алуусун камсыздоо максатында бул саамалык жыл сайын уюштурулат.