КӨУнун профессордук-окутуучулар курамынын арасында “Эң мыкты видео-сабак” конкурсу жарыяланат!

Урматтуу Кыргыз-Өзбек университетинин

профессордук-окутуучулар жамааты!!!

 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы  “2020-жыл — Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы тууралуу Жарлыгынын жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан учурдагы кырдаалга байланыштуу уюштурулуп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргыз-Өзбек университетинин профессордук-окутуучулар курамынын арасында “Эң мыкты видео-сабак” конкурсу жарыяланат!

 

Конкурсту уюштуруунун тартиби университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2020-жылдын 6-апрелиндеги №7-он-лайн отурумунун чечими менен бекитилген “Эң мыкты видео-сабак” конкурсу тууралуу ЖОБО аркылуу аныкталат (kuu.kg сайтынан таба аласыздар).

Конкурсту өткөрүү тилдери: кыргыз, орус жана англис тилдери.

Конкурстук материалдарга коюлуучу талаптар:

  • Конкурска Кыргыз-Өзбек университетинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн профессордук-окутуучулар курамынан бардык каалоочулар катыша алышат;
  • Конкурска университетте даярдалып жаткан багыттар (адистиктер) боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде түзүлгөн жумушчу программадагы темалар боюнча жеке окутуучулар же авторлоштор менен даярдалган видео-сабактар кабыл алынат.
  • Конкурска коюлган видео-сабактын узактыгы 15 минутадан 20 минутага чейин болууга тийиш;
  • Даярдалган видеоматериалдар (видео-сабактар) конкурс жарыяланган күндөн тартып даярдалышы керек жана ар түрдүү интернет булактарына жайгаштырылышы зарыл (университеттин дистанттык билим берүү порталында, You Tube, Facebook, ж.б.);
  • Конкурстук видео-сабак билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык күтүлүүчү натыйжаларга жетүүнүн жана баалоонун жолдорун камтыган сабактын бардык этаптарын ачып көрсөтүүсү керек;
  • Видео материалдар каалагандай видео-редакторлордо аткарылып, электрондук көрүнүштө Windows Media Video (WMV) ж.б. сапаттуу форматтардагы файлдарда электрондук түрдө берилиши керек;
  • Видео-сабактар кафедра/бирикме башчысы же андагы тажрыйбалуу окутуучулар тарабынан конкурстун ар бир баалоо критерийлерине ылайык рецензияланууга тийиш.

 

Конкурстун жеңүүчүлөрү атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат

 

Конкурска катышуу үчүн арыздар (Жобонун 1-тиркемесине ылайык)

2020-жылдын 30-апрелине чейин, ал эми  конкурстук материалдар (видео-сабактар, анын түшүндүрмө каты, сценарийи жана рецензенттин сын пикири)  2020-жылдын           15-майына чейин Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору А.К.Тентимишованын электрондук дареги () аркылуу кабыл алынат.

 

Эскертүү: Видео-сабактын мазмунуна автор (авторлор) жана рецензенттер жооп беришет!!!