КӨУнун Кесиптик колледжинин «Экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар» бирикмеси жана ОшМУнун Юридикалык колледжинин «Гуманитардык жана табигый илимдер» кафедрасынын Кыргызстан тарыхы сабагы боюнча «Кыргыздардын маданияты» деген аталышта Достук ачык сабагы болуп өттү.
2020-жылы 20-май күнү Кыргыз-Өзбек университетинин Кесиптик колледжинин «Экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар» бирикмесинин окутуучусу Белекбаева Эльмира Токоновна жана Ош Мамлекеттик Юридика институтунун Юридикалык колледжинин «Гуманитардык жана табигый илимдер» кафедрасынын улук окутуучусу Анарбаева Диларам Маматалиевна менен эки окуу жайдын окутуучуларынын жана студенттеринин катышуусунда Кыргызстан тарыхы сабагы боюнча «Кыргыздардын маданияты» деген аталышта Достук ачык сабагы болуп өттү.
Сабак көп тилдүү формада өттү, лекция орус, кыргыз, өзбек тилдериндеги материалдар менен камсыздалып, өз максатына жетти.
Сабакка Кыргыз-Өзбек университетинин Сапат департаментинин адистери Ташматова Зарина жана Чаткалбай кызы Сабира катышышты.