КӨУнун кесиптик колледжинин Экономика жана укук бөлүмү тарабынан уюштурулган тарых жумалыгы 16-ноябрь күнү жыйынтыкталды.

Бир жумалык иш-чаранын жыйынтыгы боюнча презентация, слайддар даярдалып, тарых жумалыгына катышкан алдыңкы активдүү студенттерге, командаларга грамоталар жана башка баалуу белектер тапшырылды.