Биргелешкен тегерек стол өттү
26-май күнү Кыргыз-Өзбек университетинин кесиптик колледжинин педагогикалык сабактар бирикмеси жана Ош гуманитардык педагогикалык институтунун башталгыч класстын педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары тарабынан дистанттык окутуудагы актуалдуу маселелер аттуу тегерек стол болуп өттү .
Учурдагы кырдаалга байланыштуу өлкөбүздө окутуунун дистанттык формасы аркылуу окутуу процесси уюштурулуп жаткандыктан балдардын тарбиясына жана билим алуусуна үй-бүлөдөгү ата-энелердин ролу өзгөчө маанилүү экени белгиленди.
Учурдагы ата-эне менен балдардын ортосундагы пикир келишпестиктердин алдын алууну көздөгөн пикир алышууга катышкан ата-энелерге жана студенттерге педагогикалык жана психологиялык жактан кеңештер берилди.
Пикир алышууга Кыргыз – Өзбек университетинин илимий иштер боюнча проректору т.и.д. Исманов Медер Марипжанович,
Ош гуманитардык педагогикалык институтунун башталгыч класстын педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Осекова Токтокан Качыбековна,
Ош МУнун орто кесиптик билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын доценти, п.и.к. Абдураимова Зарыйпа Самашевна;
Ош шаардык мэриясынын алдындагы «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» борборунун психологу Оңкошова Гүлнара Калмаковна,
Ош шаарындагы № 5 Ж. Бөкөнбаев атындагы. гимназия- мектебинин социалдык педагогу Исакова Гүлчач Искаковна
Ош шаарындагы №38 Б. Алыкулов атындагы гимназия мектебинин социалдык педагогу Эркебай кызы Наргиза катышып, кызыктуу талкуу өттү.