КӨУ: Чет өлкөлүк жана жергиликтүү илимпоздор онлайн лекцияларды өтүүдө.

Учурдагы абалга байланыштуу аралыктан билим берүүнүн алкагында Zoom программасынын жардамында онлайн түрүндө, Кыргыз-Өзбек университетинде окутуучуларга жана студенттерге тажрыйбалуу илимпоз-окумуштуулар конок лекцияларды окуп жатат. Академиялык мобилдүүлүктүн негизинде Украина, Малайзия, Монголия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан ж.б. жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү, ошондой эле Кыргызстандагы башка эл аралык университеттердин профессорлору, илимдин докторлору, илимпоз-окумуштуулар ар кандай темалардын негизинде конок лецияларды өтүп берүүдө.
Атап айтсак, Эл аралык Кувейт университетинин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бабаев Дөөлөтбай Бабаевич, «Педагогикалык изилдөөлөрдүн ыкмалары» аталышында лекциясын окуду. Ал эми TESOL Эл аралык англис тилчи мугалимдер ассоциациясынын директору Роза Аронсон Zoom программасы аркылуу мезгилдин талабына жараша «Чет тили окутуучуларынын лидерлик сапаттары” аталышындагы лекциясын окуп, окутуучуларга, студенттерге кызыктуу маалыматтарын бөлүштү.
Ошондой эле, Монголия өлкөсүндөгү Ховда шаарындагы Ховда университетинин Баян-Олгий аймагындагы филиалынын директору, профессор Жылкыайдар кызы Хиналган «Кыргыз, Казак жана Монгол элдеринин адабий байланыштары» боюнча онлайн конок лекциясын окуп берди. Кыргызстандагы Нарын МУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сияев Таштанбек Моңолдорович «Баарлашуу» деген теманын үстүндө онлайн баяндама жасап, мындан нары дагы тыгыз иш алып баруу керектигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек тажрыйба алмашуу, билим сапатын жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан бул сыяктуу конок лекциялар университеттин түзүмдөрүндө, кафедраларында түзүм жетекчилеринин, кафедра башчыларынын уюштуруусу менен тынымсыз өткөрүлүп жатат. КӨУнун Эл аралык инвестиция жана тышкы байланыштар департементи тарабынан дагы бир топ алгылыктуу иштер аткарылып келет.
Андан сырткары Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар менен тыгыз иштер алып барылып окуу жайлар ортосунда онлайн окуу-усулдук жыйындар өткөрүлүүдө.
Университеттин жамааты өлкөбүздөгү абалга байланыштуу, студенттерге аралыктан билим берүү менен эле чектелбестен, онлайн сабактарды тартып, адамдарды сабырдуулукка чакырган ар кандай тарбиялык багыттагы мотивациялык видеороликтерди тартып коомчулукка жайылтууда.
Аталган иш аракеттер КӨУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

КӨУнун маалымат кызматы