КӨУда эл аралык усулдук семинар өттү
Кыргыз-Өзбек университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестиция департаментинин директору, профессор А.Т.Балтабаеванын колдоосу менен Тарых-филология факультетинин англис филологиясы кафедрасы тарабынан “Creating Effective Online Discussions, Team Actions and Tasks” деген аталышта эл аралык усулдук семинар өткөрүлдү.
Студенттердин жана окутуучулардын активдүүлүк менен катышуусун шарттаган онлайн семинарды факультеттин деканы, п.и.к., доцент Н.Д.Тилекова ачып берди.
Семинардын негизги максаты англис тилдүү өлкөлөрдүн усулчуларын шериктештикке тартуу, англис тилин окутууда мобилдик тиркемелерди колдонуунун өзгөчөлүктөрүн жайылтуу, онлайн-тренингге багытталган программаларды түзүү, онлайн-чөйрөдөгү кайтарым байланышты уюштуруу стратегияларын чогултуу экендигин кафедра башчысы, п.и.к. Ж.Каденова өз сөзүндө белгилеп өттү.
Аталган семинарда (King Saud University) Сауд Падышалыгы университетинин профессору, илимдин доктору Reima Al-Jarf «Effective use of Mobile Apps in English Teaching» аталышындагы мазмундуу баяндамасын жасады.
Экинчи практикалык бөлүктө Англис филология кафедрасынын окутуучусу Р.Абакулов «Making online lessons fun» деген темада мастер класс көрсөтүп, жалпы катышуучулардын активдүүлүгүн арттыруу менен онлайн семинарды көтөрүңкү маанайда аяктоону камсыздай алды.




