КӨУда: «Улуу Жеңишке 75 жыл» аталышында илимий конференция өттү
28-апрелде Кыргыз-Өзбек университетинде “Улуу жеңишке 75 жыл” аталышындагы онлайн режиминдеги илимий конференция болуп өттү. Конференция Улуу Ата мекендик согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып, жеңишке жеткенге чейинки оор жоготуулар, фашисттик баскынчыларды ата мекенден сүрүп чыгарууга кыргызстандык жоокерлердин кошкон салымы, алардын каармандык менен көрсөткөн эрдиктерин маалымдаган видео баян менен башталды.
Кыргыз-Өзбек университетинин илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору Медербек Исманов илимий конференцияны ачып, иш-чаранын катышуучуларын тааныштырып, конференциянын максатын түшүндүрдү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору Абылабек Асанкановдун куттуктоосунан кийин илимий баяндамалар менен конференция ишин улантты. Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун доценти, тарых илимдеринин кандидаты Самара Осмонова: “Улуу Ата Мекендик согуштун кесепеттери” аталышында баяндама жасады. Кыргыз-Өзбек университетинин улук окутуучусу Гүлмайрам Сариева:” Улуу жеңишке кыргызстандыктардык кошкон эбегейсиз салымы” темасындагы илимий баяндамасы менен конференциянын ишин улантты. Кыргыз-Өзбек университетинин студенти Айчолпон Бекболотова “Ош шаары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында” аталышындагы баяндамасы менен илимий конференциянын негизги бөлүгүн жыйынтыктады. Кыска тыныгуудан кийин баяндамачыларга суроолор берилип, катышуучулардын ортосунда кызуу талкуу жүрдү. Андан соң Кыргыз-Өзбек университетинин илимий иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору Медербек Исманов Конференциянын резолюциясынын долбоору менен тааныштырды. Катышуучулардын талкуусунан өткөндөн кийин резолюция кабыл алынып, илимий конференция өз ишин жыйынтыктады.
КӨУнун маалымат кызматы -2020