КӨУда: «СҮРӨТ-2020 жана МОДА-2020. Жаз жаңырыгы» аталышында регионалдык көргөзмө өткөрүлдү

23-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университетинин Инженердик-технологиялык факультетинин колдонмо механика жана көркөм долбоорлоо технологиясы
кафедрасынын уюштуруусунда онлайн «СҮРӨТ-2020 жана МОДА-2020. Жаз жаңырыгы» аталышында регионалдык көргөзмө өткөрүлдү. «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо» жылына карата өткөрүлгөн көргөзмөгө КӨУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев катышып, уюштуруу комитетинин төрагасы катары онлайн көргөзмөнүн катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Көргөзмөгө Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери дагы катышкан.
Алгач сүрөт көргөзмөсүндө жарыяланган жобого ылайык Эне жана бала, Костюмдардын графикасы, Ош шаарым- сыймыгым, Кыргыз жери аталыштарындагы тартылган сүрөттөр боюнча конкурс өттү. Мында көргөзмөгө катышып жаткан студенттин аты-жөнү сүрөтүнүн аталышы жана чыгарма жаратуудагы колдонгон каражаттары тууралуу маалыматтар коштолуп турду.
«Аталган конкурста студенттер алган билимдерин практикалык жактан айкалыштырып көргөзгөнгө чоң мүмкүнчүлүктөрү жаралган. Азыркы кырдаалда мындай конкурстарга катышуу менен студенттердин өз кесибине болгон жоопкерчилиги жогорулайт», — деп билдирди уюштуруучулар.

Ал эми мода сынагы эки этаптан туруп, биринчи эскиздердин сынагын, экинчи мода көргөзмөсүн өткөрүү жолу менен уюштурулду. Эскиздердин сынагында студенттер алган теориялык билимдерине жараша жарыяланган 4 номинация боюнча, көйнөктөрдүн эскиздерин, тандаган материалдарын А1, А2, А3 же А4 форматтарына түшүрүүгө аракет жасашкан. Мода көргөзмөсүндө экинчи этап менен биринчи этап тыгыз байланышта болгондуктан студенттер өзүнүн эскиздерине карап коллекциянын ичинен бирден көйнөктөрүн конкурска алып чыгышты.

«Авангард», «Чоң шаар». «Этно стиль», «Жаңы көз караш» стилиндеги коллекциялардын көргөзмөсү калыстар тобунун сынына коюлду.

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен «СҮРӨТ-2020 жана МОДА-2020. Жаз жаңырыгы» регионалдык көргөзмөсүнүн жеңүүчүлөрү аныкталып, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул көргөзмөнүн негизги максаты учурдагы абалга байланыштуу студенттердин теориялык билимин практикалык жактан бекемдөө болуп саналат.