КӨУда онлайн семинар, конок лекция, талкуулар өз убагында уюштурулууда
🏢КӨУда онлайн семинар, конок лекция, талкуулар өз убагында уюштурулууда
🌇Учурдагы абалга байланыштуу КӨУнун факультет, колледж, кафедраларында онлайн семинар, конок лекция, талкуулар декандардын, кафедра башчыларынын уюштуруусу менен тынымсыз өткөрүлүүдө.
Андан сырткары, КӨУнун Эл аралык инвестиция жана тышкы байланыштар департементи тарабынан дагы бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Кыргызстандагы жана башка чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын окумуштуу-окутуучулары менен тыгыз иш алып барылууда.
Атап айта турган болсок 23-24-апрель күндөрү табигый-педагогикалык факультетинин жаш окутуучуларына, аспиранттарга жана ФМББ багытынын математика профилинин студенттерине онлайн семинар, конок лекциялар өткөрүлдү.
✅Эл аралык Кувейт университетинин окуу иштери боюнча проректору, п.и.д., профессор Д.Б.Бабаев, «Педагогикалык изилдөөлөрдүн ыкмалары» аталышында лекциясын окуду. Ал эми Малайзиянын Паханг университетинин профессору, ф.-м.и.к. Анваржан Ахмедов Zoom программасы аркылуу «Чет өлкөдөгү мобильдүүлүктү жана илимий иштерди уюштуруунун маселелери» аталышындагы лекциясын окуп, студенттер менен кызыктуу талкуу уюштурду.
Ошондой эле ОшМУнун профессору, ф.-м.и.д., Турсунов Дилмурат Абдиллажанович «Методы оптимизации в пакете Maple», Нарын МУнун ректору, п.и.д., профессор Сияев Таштанбек Моңолдорович «Баарлашуу» деген теманын үстүндө лекцияларын окушту.
Аталган иш-аракеттердин бардыгы онлайн өткөрүлүүдө.
✅Бүгүнкү кырдаалда Кыргыз-Өзбек университети менен кызматташып жаткан илимпоз-окумуштууларга окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райыбаев ыраазычылыгын билдирет.