КӨУда ЖОЖдор аралык спорттун волейбол түрү боюнча кыздар ортосунда студенттердин достук таймашы өткөрүлүүдө.

Кыргыз-Өзбек университетинде ЖОЖдор аралык спорттун волейбол түрү боюнча кыздар ортосунда студенттердин достук таймашы өткөрүлүүдө.

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргыз-Өзбек университетинде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагыжогорку окуу жайлары арасында спорттун волейбол түрү боюнча кыздар ортосунда студенттердин достук таймашы өткөрүлүүдө. Спорттук иш-чарага жалпысынан 9 команда катышууда.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз-Өзбек университетинин ректору. профессор Чаткалбай Райымбаев спорт- ден- соолуктук булагы экенин баса белгилеп, сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүү ар бир жаран үчүн зарыл экенин айтып, спортчуларга ийгиликтерди каалады.
Ал эми иш-чаранын негизги максаты жогорку окуу жайлар арасындагы, студенттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана жаштарды сергек жашоого үндөө болуп саналат.