КӨУда Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди.
Кыргыз-Өзбек университетинде, окуу жайдын айымдарына арналган 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанат болуп, анда алдыңкы катарда жүргөн эжекелер Ардак грамота, баалуу белектерди алышты.
Аталган салтанатка КӨУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев катышып, аялдарды майрамы менен куттуктап, «Беш берен» эл аралык коомдук фондунун, Республикалык Аялдар кеңешинин “Даткайым” төш белгисин жана окуу жайдын Ардак грамотасын университеттеги үзүрлүү эмгектенип жатышкан алдыңкы эжекелерге тапшырды.
Мындан сырткары, окуу жай тарабынан бардык эжекелерге баалуу белектер таркатылды.
Ал эми окуу жайдын ар кайсы тармагында иштеген мырзалар аялдардын майрамына карата мукамдуу үндөрү менен ырларды аткарышып, интермедияларды коюп жагымдуу маанай тартуулашты.