Күлкү — ден соолуктун мүлкү
КӨУда студенттик жаштар комитети тарабынан факультеттер аралык тамашоу оюнунун 3-сезону болуп өттү. Ар бир түзүмдөн бирден команда катышып, кече мыкты оюнчулар, мыкты тамашалар менен көркүнө чыкты.
«Мыкты оюнчу-2019» наамын тарых-филология факультетинин «Күлүп кой!» командасынын оюнчусу Казыбек Мидинов алса, «Мыкты команда — 2019» наамы менен табигый-педагогикалык факультетинин «Ха-ха БОЙС» командасы сыйланды.
1-орунду тарых-филология факультетинин «Күлүп кой» командасы жана инженердик-технология факультетинин «Биллион» командалары багындырып, акчалай сыйлык менен сыйланышты.
2-орунду медициналык колледждин «Эндерсал» командасы жана табигый-педагогикалык факультетинин «Ха-ха БОЙС» командалары ээлешти.
3- орунду каржы-экономика факультетинин «Брокерлер» командасы багындырды.
Кызыктуу командалар, таланттуу оюнчулар тууралуу «Достук планетасы» гезитинин жаңы жылдык санынан окуй аласыздар.