Кыргыз-Өзбек университетинин Кесиптик колледжинде «ЭУКС» бирикмеси тарабынан 10- декабрь күнү «10-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк адам укугу күнүнө» карата «Адам укуктарынын сакталышы туруктуулуктун, коопсуздуктун кепилдиги»-аттуу илимий семинар болуп өттү.
Илимий семинарга университетибиздин илимий иштери боюнча проректору, т.и.к., доцент Исманов Медербек Марипжанович, КРнын акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамбет Касымов, Бакыт Акбаев, ООНдун адам укугу боюнча агенттигинин өкүлү Захид Мадрахимовдор катышышты.
Семинардын алкагында атайын студенттер тарабынан даярдалган доклаттар окулуп , келген коноктор , студенттер, окутуучулар арасында кызыктуу суроо- жооп , талкуу болду.
Семинардын аягында студенттер тарабынан даярдалган ыр-бийлер, көркөм окуулар менен коштолуп, активдүү катышкан студенттерге Кесиптик колледждин дирекциясы тарабынын грамота жана ыраазычылык баракчалар берилди.