Сыйлык сыймык

Бүгүн Окумуштуулар кеңешинин отурумунда Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Ош шаарынын мэриясынын сыйлыктары тапшырылды.
10-Ноябрь-Илим күнүнө карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери менен айырмаланган, илим жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин юридика-бажы факультетинин деканы Көкөева Алмагүл Мухтарбековна, англис филологиясы кафедрасынын башчысы Каденова Жаннат Токтомаматовна, илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Ташкулова Шарипа Баратбаевна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Ошондой эле Илим күнүнө карата жогорку билимдүү адистерди даярдоодо кошкон салымы, илимий иштердеги алгылыктуу жетишкендиги жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн математика, физика жана окутуунун усулдары кафедрасынын доценти Халматов Анвар Авазович, тарых жана философия кафедрасынын башчысы Ташалиева Мукарам Мурзакуловна, илим бөлүмүнүн башкы адиси Салиева Нуркыз Алишеровна, университеттин китепканачысы Кадермятова Гульчехра Кеңешовна Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасына ээ болушту.
Буга улай эле Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сарыков Сыргак Токтосунович Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин “Отличниги” төш белгиси менен сыйланды.
Андан сырткары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илимий окуу залынын кызматчысы Тыналиева Гүлжамал Тилекматовна Билим берүү министрлигинин алдындагы «Жаңы китеп» мекемесинин мектеп китепканаларынын китепканачыларына арналган сынакка катышып 3-орунга жетишип кайткан.
Ал эми Билим берүү министрлигинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 1514/1 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктарынын катарына “Илимдин мыктысы” төш белгиси медалы кошулган. Аталган сыйлык эң биринчилерден болуп 5 адамга тапшырылды. Алардын катарында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илим иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору Исманов Медербек Марипжанович “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.
Илимдин мыктысы” төш белгиси менен илим багыттарын иштеп чыгууда, таанылган илимий мектептерди түзүүдө, илимий кадрларды тарбиялоодо жана даярдоодо сиңирген эмгеги үчүн, илим жаатындагы көрүнүктүү эмгектери, жогорку экономикалык натыйжа берген ойлоп табуулары, ишмердүүлүгүндөгү жаңы ийгиликтери, жетишкендиктери үчүн илим тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланышат.