Академиялык мобилдүүлүк academic mobility
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 15 студенти академиялык мобилдүүлүк боюнча Өзбекстан Республикасындагы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде окуп жатышат.
Биргелешип иш алып баруу максатында түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде окуу процесси жана жатаканасы акысыз уюштурулган.
Программа, тажрыйба алмашуу максатында физика-математикалык билим берүү боюнча 4 студент, табигый илимий билим берүү 1 студент, филологиялык билим берүү багытында 7 студент, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит багыты боюнча 1 студент, ал эми каржы жана насыя багытында 2 студент билим алышууда.





6