Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Азия университеттеринин Ассоциациясына мүчөлүккө кабыл алынды
2022-жылдын 15-17-сентябрында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев менен эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция проректору, профессор Аида Балтабаева V Эл аралык “Алтай-Азия 2022: Евразиялык мейкиндик-жаңы чакырыктар жана мыкты тажрыйбалар” деген аталыштагы форумга катышып келишти.
Аталган форум Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин “Приоритет-2030” стратегиялык академиялык лидерлик программасынын алкагында уюштурулган.
Форумдун жүрүшүндө КӨЭАУнун ректору Чаткалбай Райымбаев пленардык жыйында “Эл аралык кызматташуу-университеттердин эң негизги өнүгүү фактору (Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мисалында)” аталышында доклад окуду.
Форумдун алкагында Шанхай кызматташуу уюмунун университеттеринин ректорлорунун улуттук жыйыны жана Азия университеттеринин Ассоциациясынын V Сьезди болду. Бул жыйында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Азия университеттеринин Ассоциациясына мүчөлүккө кабыл алынды. Аталган Ассоциациясынын алкагында 90дон ашык университеттер менен көп багыттуу ишмердүүлүктү жүргүзүүгө жол ачылды.




