Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жыл мыктылары сыйланды

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 2020-жылдын жыйынтыгын Нооруз майрамына карата чыгарды. «Мыктылардын мыктысы-2020» конкурсунун жобосунун негизинде 2020-жылдын мыктылары аныкталып сыйланышты. Аталган сыйлыктарды Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич тапшырды. Жеңүүчүлөр бир айлык маяна, лента жана сертификаттарга ээ болушту. Ал эми университеттин “Эмгек сиңирген ишмери” номинациясынын жеңүүчүсүнө бир жылдык маянасына 25% кошумча акы төлөнүп берилет. «Мыктылардын мыктысы» конкурсу жыл сайын университет тарабынан өткөрүлүп, жылдын аягында жеңүүчүлөрдү аныктап, белгиленген номинациялар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып келет. Андан сырткары 2020-жылдагы пандемия маалында видеосабактарга жарыяланган конкурстун дагы жыйынтыгы чыгарылып жеңүүчүлөргө Ардак грамота, акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле окуудагы жетишкендиктери жана коомдогу иштерге активдүү катышкандыктары үчүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университенин студенттерине Батыралы Сыдыков атындагы жеке стипендиялар тапшырылды.