Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенти Азия чемпиону болду
2021-жылдын 22-26-декабрь күндөрү коңшу Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында грэпплинг боюнча Азия Кубогу өтүп, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин 4-курсунун студентти Самарбек уулу Нурдөөлөт Азия чемпиону болду.
Грэпплингдин Комбат жана Ногдаун А (ММА) түрү боюнча өткөн чемпионатка 8 мамлекеттин спортчулары катышкан.
Самарбек уулу Нурдөөлөт аталган спорттун түрү боюнча 60 кг салмакта катышып жеңишке жетишип, 2022-жылдын февраль айында Абу-Даби шаарында өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алган.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев Окумуштуулар кеңешинин отурумунда Нурдөөлөттү куттуктап, окуу жай тарабынан колдоолор болоорун билдирди.

