Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин “Сүйүктүү мугалими” аныкталды

Окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан “Сүйүктүү мугалим-2021” номинациясына конкурс жаряланып 23-декабрда жыйынтыкталды.
Добуш берүү Жаштар комитетинин инстаграм баракчасында жүрүп, жалпысынан 6558 добуш жыйналган. Жыйынтыгында эң көп добуш менен гуманитардык-педагогикалык факультетинин окутуучусу Дарыбек уулу Дилафар “Сүйүктүү мугалим-2021” номинациясына жана атайын статуеткага ээ болду.
Андан сырткары кесиптик колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсейит Жунусов, медициналык колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Шүкүр Алдашов, табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Ислам Сулаймановдор көпчүлүк студенттердин тандоосуна ылайык “Сүйүктүү мугалим” деп табылды.
Сыйлыктарды тапшыруу учурунда:
“Бул конкурсту уюштуруунун максаты мугалимдерди студенттерге болгон сүйүүсүн арттыруу жана алардын ортосундагы ишенимди бекемдөө болуп саналат. Биз бул конкурсту жыл сайын уюштурууну салтка айлантабыз” – деди Жаштар комитетинин төрагасы Ыманбек Нурдинов.