Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «TOEFL тест тапшыруу» борбору ачылды

Бүгүн, 14-декабрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «ASK CONSULTING» компаниясы менен биргеликте «TOEFL тест тапшыруу» борбору ачылды.
Борбордун ачылуу аземине КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Айдарбекова Масуда Апсаматбековна, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, мектеп директорлору, студенттер, окуучулар катышты.
Ачылыш аземинде «ASK CONSULTING» компаниясы менен «TOEFL тест тапшыруу» борбору тууралуу презентация жасалды.
«TOEFL тест тапшыруу» борборунун ачылышына келген коноктор, бул борбордун түштүк аймагында ачылып жактанына өтө кубанычта экенин билдиришип, жаштар үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын сүйүнүү менен кабыл алышты.
«ASK CONSULTING» компаниясынын негиздөөчүсү Аскат Кубанычбеков TOEFL сынагы жөнүндө эмнени билишиңиз керек? TOEFL сынагын кантип тапшыруу керек?-деген суроолордун тегерегинде өзүнүн кызыктуу баяндамасын жасап, студенттердин, окуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Эскерте кетсек, эми мындан ары TOEFL тест тапшыруу үчүн Бишкек шаарына, Казакстанга барып убара болбойсуз. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети сиздер үчүн жагымдуу шарт түзүп койду, мүмкүнчүлүгүңүздөрдү колдон чыгарбаңыздар.