Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары Алайда
2021-жылдын 21-апрелинде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде, Алай району боюнча кесипке багыт берүү иш — чараларынын алкагында жеринде маалыматтарды жүрүзүп келүү үчүн, атайын түзүлгөн топ, аталган райондун мектептерин кыдырып келишти.
Мектептерге кесиптик багыт берүү боюнча бөлүнгөн окутуучулардын тобу Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мусаев Мамашарип Орозович жана райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинетинин башчысы Бурканбай уулу Алымбек менен маектешүү жүргүзүшүп, алардын уруксаты жана жардамы менен мектептерди кыдырышып, университетибиздин жаңыдан ээ болгон Эл аралык макамы, артыкчылыктары, стратегиялык өнүгүү пландары жөнүндө бүтүрүрүүчүлөргө кеңири маалыматтар берилди.
Мектептердин директорлору өз ой- пикирлерин, сунуштарын жана университет жөнүндө жагымдуу пикирлерин айтышты.
Ал эми №26 мектептин директору Т.А.Осмонова Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен базалык мектеп катары өз мектеби менен келишим түзүп, университет менен биргеликте иш- чараларды өткөргөнгө кызыктар экендигине токтолду.
Андан сырткары райондун башка мектептеринин директорлору дагы өздөрүнүн бүтүрүүчүлөрү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен окуп, диплом алышып, ар түрдүү тармактарда эң мыкты ийгиликтерге жетишип, иштеп жатканына сыймыктанышаарын билдиришти.
Алай районунун дээрлик бардык мектептеринде окуу процесстери татыктуу деңгээлде жүргүзүлүп аткандыгына, тоолуу район болгонуна карабастан, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн, мектеп окутуучуларына эң мыкты билимдерин берип, үзүрлүү эмгектенип жатышкан мугалимдерге, университеттен барган топ ыраазы болуп кайтышты!
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен барган топ Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мусаев Мамашарип Орозович баштаган жамаатка терең ыраазычылыгын билдирет.





и ещё 4
Alisher Iusupov, Шайдилла Шакиев и ещё 3
Поделились: 1