Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Сүрөт-2021 жана Жылдын модели-2021» көргөзмөсү өттү
Бүгүн, 6-май күнү, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженердик-технологи ялык факультетинде «Сүрөт-2021 жана жылдын модели- 2021» көргөзмөсү болуп өттү.
Аталган көргөзмө Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ош шаардык маданият башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чараны Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич ачып берди. Ректор өз сөзүндө окуу жайдын таланттуу студенттеринин тарткан сүрөттөрүнө токтолуп, алардын жасаган эмгектерине өз баасын берди. Ошондой эле мода көргөзмөсүнүн катышуучуларына, уюштуруучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалап, таланттуу студенттерге ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп турарын билдирди.
Андан соң сүрөт көргөзмөсү менен калыстар таанышып чыгып, эне жана бала, костюмдардын графикасы, кыргыз жери, декоративдик колдонмо искусствосу деген төрт этап менен баалашты.
Ал эми «Жылдын модели-2021» көргөзмөсүндө «Авангард», «Чоң шаар» «Этно стили» жана «Азем көйнөктөрү» стилдери боюнча коллекциялардын көргөзмөлөрү көпчүлүктүн сынына коюлду. Калыстар тобунун тандоосу менен жеңүүчүлөр окуу жайдын, Ош шаардык маданият башкармалыгынын жана университеттин профсоюз уюмунун дипломдору, акчалай жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Соңунда инженердик-технологиялык факультетинин деканы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Ильяз Исаев келген конокторго, көргөзмөнүн катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек «Сүрөт жана жылдын модели» көргөзмөсү жыл сайын уюштурулуп келет. Былтыркы жылы пандемияга байланыштуу онлайн режиминде өткөрүлгөн.














