Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин делегациясы Андижан мамлекеттик университетине барып келди
20-май күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин делегациясы Андижан мамлекеттик университетинин алдындагы Андижан педагогикалык институтунда болушуп, Ч.Айтматов борборунун ачылуу аземине катышып келишти.
Иш-чара учурунда КӨЭАУ жана Андижан педагогикалык институту менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Окутуучулар жана студенттер үчүн эл аралык мобилдүүлүктү уюштуруу, бардык багыттар боюнча педагогдорду даярдоодо бирдиктүү жол карталарын иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Жаңы окуу жылында эл аралык иштерди эффективдүү жүргүзүү максатында делегациянын курамында КӨЭАУнун педагогикалык багыттарындагы факультет декандары Узакбаев Ибрайим, Жээнтаева Жумагүл, Тилекова Назира жана кафедра башчылары Хаитов Шавкат, Кадырова Мукаддам, Жаннат Каденовалар, эл аралык байланыштар жана инвестиция департаментинин директору Балтабаева Аида Тынайбековнанын жана мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сарыков Сыргак Токтосуновичтин жетекчилигинде барышты.




