Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине Санк-Петербург шаарындагы П.П.Семенов-Тян-Шанский атындагы Эл аралык гуманитардык университетинен делегация келди.
Делегацияны П.П.Семенов-Тян-Шанский атындагы Эл аралык гуманитардык университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Пименова Марина Владимировна жетектеп келди.
Конокторду Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алып, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн жөнгө салуу, жайкы жана кышкы окутуу лагерлерин түзүү, бирдиктүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, тил курстарын уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында эки окуу жайдын жетекчилери кызматташуу протоколуна кол коюшту. Андан соң конокторду университеттин материалдык-техникалык базасы менен тааныштырып, тарых-филология факультетинин жамааты менен жолугушуу уюштурулду.




