Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Китепти көп окуган активдүү студент» аталышында сынак уюштурулду.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Китепти көп окуган активдүү студент» аталышында сынак уюштурулду.
Аталган сынак тарых-филология, каржы-экономика, юридика-бажы факультетинин студенттеринин ортосунда өткөрүлгөн.
Мында эң көп китеп окугандар деп тарых-филология факультетинин студенттери аталды. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер тапшырылды.
Бул сынак Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу залы тарабынан өткөрүлдү.