Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жыл мыктылары сыйланды

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жыл мыктылары сыйланды
Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 2021-жылдын жыйынтыгын Нооруз майрамына карата чыгарды.
«Мыктылардын мыктысы-2021» конкурсунун жобосунун негизинде 2021-жылдын мыктылары аныкталып сыйланышты.
Аталган сыйлыктарды Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич баштаган проректорлор тапшырды.
Жеңүүчүлөр бир айлык маяна, лента жана сертификаттарга ээ болушту.
Ал эми университеттин “Эмгек сиңирген ишмери” номинациясынын жеңүүчүсүнө бир жылдык маянасына 25% кошумча акы төлөнүп берилет.
Эскерте кетсек «Мыктылардын мыктысы» конкурсу жыл сайын университет тарабынан өткөрүлүп, жылдын аягында жеңүүчүлөрдү аныктап, белгиленген номинациялар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып келет.
Эки жылдан бери окуу жайдын жыл мыктыларын аныктоо жана сыйлоо аземи Нооруз майрамына карата өткөрүлүүдө.
Жалпы «2021-жылдын мыктыларын» алган сыйлыктары менен окуу жайдын маалымат кызматынын атынан куттуктайбыз.