Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мырзалары айымдарга майрамдык маанай тартуулашты.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мырзалары айымдарга майрамдык маанай тартуулашты.
8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эмгектенген агайлар тарабынан концерттик программа тартууланды.
Майрамдык салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жамааты катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө жаштарга таалим, тарбия берүүдөгү өзгөчө салымы үчүн университеттин эжекелери Ош шаардык мэриясынын, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жана профсоюз уюмунун Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев айымдарды 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, аялзатынын жашоодогу орду тууралуу айтып, жараткан эмгектерине токтолду.
Аялдар кеңешинин төрайымы Жийдегүл Акыевна эжекелердин көңүлүн көтөрүп, жагымдуу маанай тартуулаган мырзалар жамаатына жалпы айымдардын атынан ыраазычылыгын билдирди.