Кыргыз-Өзбек университети Санкт-Петербург шаарындагы Д.Ф.Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык университети менен кызматташат.

Бүгүн, 10-март күнү Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Иванов жетектеген делегация Кыргыз-Өзбек университетине келишти. Конокторду КӨУнун ректору Чаткалбай Райымбаев тосуп алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү жүзөгө ашыруу талкууланды. Чаткалбай Райымбаев конокторго ыраазычылык билдирип, атайын даярдалган белектерди тапшырды.

Андан соң окуу жайдын жыйындар залында Ош шаарындагы мектептердин директорлору менен жолугушуу уюштурулду.