Кыргыз-Өзбек университети Россиялык-Кыргызстандык техникалык университеттеринин консорциумунун жаңы мүчөсү катары катталды
Кыргыз-Өзбек университети Россиялык-Кыргызстандык техникалык университеттеринин консорциумунун жаңы мүчөсү катары катталды
Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Россиялык-Кыргызстандык техникалык университеттеринин консорциумунда «Илимий-техникалык жана билим берүү алкактарындагы интеграциялык процесстер» аталышындагы VI эл аралык илимий-техникалык конференция онлайн режиминде болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө КӨУнун ректору, э.и.д., профессор Ч.К.Райымбаев окуу жайдын өнүгүү жолу боюнча кеңири маалымат берди.
