Кыргыз-Өзбек университети менен Талас мамлекеттик университетинин ортосунда on-line режиминде окуу-усулдук жыйын өткөрүлдү

20-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университети менен Талас мамлекеттик университи биргеликте онлайн окуу-усулдук кеңешме өткөрдү. Аталган кеңешмени КӨУнун ректору, э.и.д., профессор Чаткалбай Райымбаев алып барды. Учурдагы абалга байланыштуу билим берүү тармагы өзгөрүүлөрдү талап кылып жатканын баса белгилеп, КӨУдагы аралыктан билим берүүнүн жүрүшү, студенттердин кайтарым байланыштары боюнча кыскача маалымат берип сөз кезегин ТалМУнун ректору Айбек Упеновго узатты. А.Упенов өз сөзүндө онлайн окуу-усулдук кеңешмени демилгелеп чыккан КӨУнун жамаатына ыраазычылыгын айтып, мындай кошмо иш-чараларды улантууга кызыктар экенин билдирди. Андан соң ТалМУдагы аралыктан билим берүү технологиялары борборунун директору А.К.Укуева дистанттык билим берүүдөгү жетишкендиктер менен көйгөйлөрү боюнча презентациялык баяндамасын жасады. Ал эми окуу-усулдук кеңешменин экинчи бөлүгүндө КӨУнун окуу иштери боюнча проректору Э.Т.Исаков аралыктан окутуунун жүрүшү боюнча презентациялык баяндамасын жасады.
Аталган окуу жайлардын окуу-усулдук кеңештеринин мүчөлөрү тарабынан дистанттык технологиялары менен билим берүү маселелери боюнча суроолор узатылып, талкууланды. Эки окуу жайдын ортосунда онлайн семинарларды, конок лекцияларды өткөрүү менен биргеликте электрондук окуу-усулдук ресурстарын алмашуу сунуштары айтылып, жыйынтыгында биргелешкен окуу-усулдук кеңештин протоколу менен ишке ашыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.