Кыргыз-Өзбек университети менен Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун ортосунда бир айлык жарыяланды

 

Кыргыз-Өзбек университети менен Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде эл аралык байланышты күчөтүү максатында Кыргыз-Өзбек университетинде Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун бир айлыгы жарыяланды.

Ошондой эле Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунда дагы Кыргыз-Өзбек университетинин бир айлыгы жарыяланып, учурда КӨУнун профессор окумуштуулары атайын конок лекцияларды онлайн форматта өтүп жатышат.

Жарыяланган бир айлыктын негизинде түзүлгөн планга ылайык педагогикалык багыттар боюнча Кокон мамлекеттик педагогикалык институту тарабынан 10 конок лекция, ал эми Кыргыз-Өзбек университети тарабынан 15 конок лекция окулат. Андан сырткары кафедралык окуу-усулдук кеңештер, тарбиялык маанидеги маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлөт.