Кыргыз-Өзбек университети “Достук” фестивалына катышты

“Ош декларациясынын” негизинде бир нече жылдан бери жогорку окуу жайлар арасында “Достук” фестивалы өткөрүлүп келет. Бул жылы Талас мамлекеттик университетинде уюштурулуп, ага 9 жогорку окуу жайы: КӨУ (Кыргыз-Өзбек университети), ЫМУ (Ысык-Көл), БатМУ (Баткен мамлекеттик университети), ОшМУ, ОГПИ, ЖАМУ(Жалал-Абад), КУУ(Кыргыз Улуттук университети), НМУ(Нарын), ТалМУ(Талас мамлекеттик университети) катышып, таланттуу студенттер өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында достук жеңип, катышкан окуу жайларга ардак грамота, диплом, 10 000сомдон акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды. Фестивалга Кыргыз-Өзбек университети да жигердүү катышып, студенттер байгелүү орундарга, сыйлыктарга ээ болушту.  Фестивалдын жүрүшүндө КӨУнун ректору, профессор Ч. К. Райымбаев жогорку окуу жайлар арасындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн 9 ЖОЖ менен келишимдерге кол койду.  » “Достук» фестивалы студенттерди достоштурду, ынтымагыбызды арттырды, таланттуу студенттерге дем берди”,-деп билдирди Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор С.Т. Сарыков.Кыргыз-Өзбек университети, алга! Таланттуу студенттердин ийгилиги арта берсин!