Кыргыз-Өзбек университетинин 2 студенти президенттик «Үмүт» стипендиясына ээ болушту.
Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетинин 4-курсунун студенти Каныбеков Эсен жана инженердик-технологиялык факультетинин 4-курсунун студенти Жайлообек кызы Гүльзада КРдин Президентинин стипендиясына ээ болушту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов мыкты окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Кыргызстандагы 29 жогорку окуу жайдын 70 студентине мактоо баракчасын жана 50 000 сом өлчөмүндө стипендиясын тапшырды.
Кыргыз-Өзбек университети-илим-билимге умтулган жаштардын окуу жайы!


Рустам Салимов, Ыманбек Нурдинов и ещё 29
Комментарии: 1
Поделились: 1