Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери өлкөбүздүн ар кайсы окуу жайларында ички академиялык алмашуу программасынын негизинде окуп жүрүшөт
Тарых-филология факультетинин 2 студенти Каканова Барчынай, Машабаева Айтурган жана табигий педагогикалык факультетинин 4 студенти Имамидин кызы Бурулай, Абылкасымова Роза, Тойчубекова Урпия, Айтбаева Чынара Ош мамлекеттик университетинде, ал эми Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 1 студент Амин уулу Тариэл, Ош гуманитардык педагогикалык институтунда 1 студент Каныбек кызы Салтанат, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 1 студент Кочкорбай кызы Гүлназа, жалпысынан 9 студент «Ош декларациясынын» жана эки тараптуу келишимдин негизинде 2019-2020-окуу жылынын күзгү семестрин окуп келүү үчүн жиберилген.