Кыргыз-Өзбек университетинин студенти Азия чемпионатына жолдомо алды.
2020-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын чемпионатында табигый-педагогикалык факультетинин 2-курсунун студенти Хаджимуратов Икромжан эркин күрөш боюнча 61 кг салмак категориясында 1-орунду ээлеп Азия чемпионатына жолдомо алды. Ошондой эле эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери аталып, аны тастыктаган күбөлүгүн КӨУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев окумуштуулар кеңешинин жыйынында тапшырды. Ректор өз сөзүндө Икромжан буга чейин дагы бир катар мелдештерде алдыңкы орундарды багындырып келгенин баса белгилеп, университеттеги жамаат ар кандай учурда колдоого даяр экенин билдирди.