Кыргыз-Өзбек университетинин ректору Чаткалбай Райымбаевдин окуу жайдын 25 жылдык мааракесине карата куттуктоосу
“25 жашың куттуу болсун, университет!”
Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында улуу империя СССРдин кыйрашы анын курамындагы Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн өз алдынча ишмердүүлүк жүргүзүп, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүп, тең ата мамиле кылуусуна жол ачты. Ошол кездеги өлкө башчынын демилгеси аркылуу борборубуз Бишкекте Россия Федерациясы менен биргеликте Орус-Славян, Туркия мамлекети менен Кыргыз-Түрк университеттери ачылды. Эл аралык дипломаттарды даярдап чыгуу максатында Кыргызстандагы Эл аралык университеттер түптөлдү. 1994-жылы 18-июлда Ош технологиялык техникумдун базасында Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжин уюштуруу жөнүндө өкмөттүн токтому чыкты. Ошол жылдын сентябрь айында 4 багыт боюнча кабыл алуу жүргүзүлүп, 1-октябрдан 152 студентке 60 окутуучу билим бере баштаган. Ошондон бери 1-октябрь Кыргыз-Өзбек университетинин майрамы болуп белгиленип келет. Өлкөнүн түштүк аймагында жашаган көп улуттан турган элибиздин жогорку билимге болгон муктаждыгын жоюп, этникалык ынтымакты бекемдөө максатында Кыргыз-Өзбек жогорку колледжи ачылган. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары Өзбекстан менен чектешкендиктен эки элдин карым-катнашы, ынтымагы үчүн университет эң актуалдуу, эң керек убакта негизделди. Окуу жайды жергиликтүү эл да, канатташ жайгашкан Өзбекстандын эли да зор кубаныч менен кабыл алгандыгын айтпай кетүүгө болбойт. Анткени, университет чектеш жайгашкан эки өлкөнүн биргелешип жогорку билимдүү адистерди даярдоо келишиминин негизинде түзүлгөн. Саясий өңүттөн алып караганда да окуу жайдын орду аталган эки мамлекет үчүн бирдей эле салмакта турат. Анткени, кыргыз-өзбек элдеринин ортосундагы достук мамиленин өнүгүшүнө данакер болуп, өзгөчө салым кошкондугун сыймыктануу менен айткым келет. Менимче, улуттар аралык достук мамиленин сакталышында биздин университет салмагын бүгүнкү күндө да жоготкон жок. Өз убагында зор максат менен ачылган. Ошол нерсенин баарын 25 жыл аралыгында кандай деңгээлде аткара алдык деген суроого куттуу окуу жай мезгил, доор алдындагы милдетин татыктуу аткарып, максатын абийирдүүлүк менен ишке ашырды деп айта алам. Муну менен улуттардын достугун бекемдеп, маданий, илимий чоң көпүрөгө айлана алды. Бир нече он миңдеген бүтүрүүчүлөрдү бардык багыттар боюнча тарбиялап, уядан учурган. Алар бүгүнкү күндө Кыргызстанда эле эмес, бир топ мамлекеттердин сыймыктуу кызматтарында эмгектенип келишет. Бул — университеттин негизги орундалып жаткан миссиясы.
Окуу жай биринчи түзүлгөн күндөн бери иштеп келем. Жаңы ачылган мезгилде бир гана окуу имараты менен баштаган болсо, бүгүнкү күндө жалпы жонунан тогуз окуу имараты заманбап материалдык-техникалык база менен толук камсыз болгон. Студенттер күндүзгү жана сырткы бөлүмдө билим алышат. Алгачкы окутуучулардын арасында болгону бир гана илимдин доктору, 6 илимдин кандидаты эмгектенсе, калган 53ү жаңы көз караштагы кыргыз-өзбек жаштарынан куралган эле. Окуу жайды түптөгөн ректор Мухамеджан Ташалиевдин жетекчилик чеберлигинин, талапты туура коё билгендигинин жыйынтыгында Кыргыз-Өзбек университети кыска убакыт ичинде материалдык-техникалык базасы заманбап техникалык жабдыктар менен камсыздалган, билим берүү сапатынын көрсөткүчү Кыргызстандагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарына жетише алган. Окуу ишмердүүлүгү заманбап мультимедиялык-компьютердик класстар, атайын кесиптик лабораториялар, окуу-илимий борборлор менен камсыз болуп, ар түрдүү багыттагы студенттик ийримдер (маданий-массалык, спорттук) иштеп, эл аралык масштабдагы окумуштуу аалымдар, иш билги өндүрүштүк чеберлер эмгектенишет. Заман талабына ылайык жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо профессордук-окутуучулар курамынын сапаты негизги орунда. Окуу жайдын кафедраларында, циклдык бирикмелеринде 400гө жакын профессордук-окутуучулар жамааты студенттерге билим берип келет. Алардын арасында илимий даражалуу окутуучулардын саны жалпы професссордук-окутуучулар жамаатынын 40 %ын түзөт. Андан сырткары 40тан ашуун Кыргыз республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары жана илим-билимге эмгек сиңирген ишмерлер, дүйнөлүк масштабдагы аалым-окумуштуулар эмгектенишет. Жогоруда айтылгандай, өңчөй жаштардан куралган университеттин окутуучулар курамы ар бир күндү текке кетирбей издене билгендигинин натыйжасында окуу жайыбыздын жалпы Кыргызстанга таанылып, жогорку билимдүү адистерди даярдап чыгарууда сандык көрсөткүчү да, сапаттык көрсөткүчү да көзгө көрүнөрлүк деңгээлде жогорулагандыгын айта кетпесек болбойт. 2000-2010-жылдардын аралыгында бир учурда билим алып жаткан жалпы студенттердин саны 24 миңге чейин жеткен. Ал эми бүгүнкү күндө 12 миңге жакын билимге ынтызар студенттерибиз окуп жатышат. Анын ичинен сырттан келип окуган студенттер 4 миңге чукул. Ички жана сырткы мобилдүүлүк боюнча тынымсыз алмашуулар болуп келет. Казакстан, Өзбекстан, Турция, Россия, Корея мамлекеттери менен кызматташуулар жүрүп жатат. Шаардык, облустук жана республикалык, эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн спорттук жана маданий, илимий иш-чараларда жетишкен ийгиликтерибиз өлкөбүздөгү алдыңкы деп саналган жогорку окуу жайлардын көрсөткүчүнөн ашса, ашып түшөт, бирок кем калбайт. 25 жылдык мааракени белгилөө менен университеттин жалпы эмгек жамааты мындан ары да улам бийиктиктерди багындырып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошот деген ишенимдемин!
Заман агымынан калбай, бул өмүрдө татыктуу жашап өтүү үчүн болгон күрөш алмустактан бери келаткан көрүнүш. Улуу көчтүн учугун улаган бүгүнкү күндүн жаш муундарына, келечек ээлери эртеңки күндө жеке турмушунда бакубат жашап, улуттук баалуулуктарыбызды сактап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо билишине туура багыт, жеткиликтүү билим берүүдө жогорку окуу жайлардын орду чоң.
Ардактуу эмгектил, изденгич окутуучулар жамааты, сүйүктүү студенттер! Кыргыз-Өзбек университети Эл аралык деңгээлге чыгып келе жаткан окуу жай. 25 жаштагы жигиттей өткүр, курч, күчкө, акылга толуп турган, кулпуруп көркөмү арткан кези. Ошондуктан, 25 жылдык маараке үйүбүздөгү чоң майрам катары ар бирибиздин жүрөгүбүзгө кубаныч тартуулап, жоопкерчилик артып турат. Баарыңыздарды 25 жылдык маараке менен куттуктап, талыкпаган эмгек, кажыбас кайрат, бекем ден соолук, бактылуу өмүр, улуу ийгиликтерди каалайм! Жалпы жамааттын аракеттери окуу жайыбызга оомат алып келсин! 25 жаш куттуу болсун!
Кыргыз-Өзбек университетинин ректору,
экономика илимдеринин доктору, профессор
КР УИАнын мүчө-корреспонденти Ч. К. Райымбаев