Кыргыз-Өзбек университетинин ректору Ооган ардагерлерин куттуктады
Бүгүн, 15-февраль күнү Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич Кыргыз-Өзбек университетинде эмгектенген Ооган ардагерлерин кабыл алды.
Чаткалбай Райымбаев Ооган ардагерлерин 15-февраль афганчылардын күнү менен куттуктап, алардын жасаган эрдиктери тууралуу кеңири сөз кылып, жаштарды мекенчилдикке, туруктуулукка тарбиялоодо Ооганчы жоокерлердин орду чоң экенин айтып, университет тарабынан жыл сайын берилип келген акчалай белегин тапшырды.
Буга улай эле КӨУнун профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Манабович куттуктоосун жолдоп, материалдык жардам көрcөттү.
Соңунда университеттин жетекчилигине Ооган ардагерлери ыраазычылыктарын билдиришти.




