Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев_Чаткалбай_Кенейбаевичтин 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө, 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүнө карата куттуктоосу

Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев_Чаткалбай_Кенейбаевичтин 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө, 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүнө карата куттуктоосу
Бул өмүрдө эстен кеткис учурлар көп болот.
Айрыкча, студентик курак өмүрүңдүн гүлдөп турган учуру, келечек тагдырыңдын пайдубалын түптөй турган жоопкерчилиги күчтүү учур. Акылың тунуп, билегиңе күч толгон кез.
Ошол тунук акылды, билектеги күчтү туура пайдаланып, адамзат коомунун ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошуп, келечек тагдырыңды туура түптөй билүү ар бир инсандын ыйык милдети.
Сен билим алып жаткан окуу жай – келечегиңе жол көрсөтө турган улуу мектеп. Сага билим берип жаткан ар бир мугалим төрт жыл бою канаттууга кактырбай, камкордугуна алып, тарбиясын берет.
Аааламдашуу доорундагы ар бир улуттун нарк-насилин, маданиятын, баалуулуктарын тереңдетип үйрөтүп, кесипкөй адис болуп жетилишиңе кам көрөт. Алардын эмгегин, жалындаган жаштыктын өткүр учурун туура пайдалана албасаң мезгил сени кечирбейт.
Албетте, бүгүнкү жаштар андай катачылыкка жол бербейт деп ишенем.
Кыргыз-Өзбек университетинин, урматтуу студенттери, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш достор, 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, ага удаалаш келген 17-ноябрь эл аралык студенттер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Бул даталуу күндөр сиздердин демиңиздерге дем, шыгыңыздарга шык кошуп, бийиктиктерди багындыруудагы алгачкы баскычыңар болуп калсын! Өлкөбүздүн желегин бийик желбиретип, далай ийгиликтерди багындырган муунга айланышыңырга тилектешмин!