Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, э.и.д., профессор Райымбаев_Чаткалбай_Кенейбаевич мугалимдерди кесиптик майрамы куттуктады

Мамлекеттин бүтүндүгүн, ар бир улуттун улуулугун, нарк-насил, каада-салттардын баалуулук катары кылымдар бою муундан-муунга өтүп жүрүшүн таалим-тарбиядан ажыратып кароо мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндүн шартында жаштардын дүйнө таанымын кеңейтип, адептүү, адамгерчиликтүү, дүйнөлүк атаандаштыкта татыктуу ордун таба билген кесипкөй инсанды өстүрүп чыгуу мезгилдин өктөм талабы.
Карапайым калк катмарында жашап, жогоруда белгиленген бийиктиктерди тулку боюна сиңирип, бүткүл өмүрүн жаштардын жан дүйнөсүн тазартып, татыктуу тарбия берүүгө арнаган мугалимдер бар үчүн адамзат коому бүтүндүгүн сактап, өнүгүү жолунан тайбай келүүдө. Ошондон улам эл ичинде мугалимдерди таң нуруна, мөмөлүү даракка ж.бларга салыштырган учкул ойлор, аруу ыр саптары жашап келет.
Космикалык ылдамдыктагы өнүгүү жолундагы ааламдашуу алкагында ар бир улуттун уңгусунун бузулбай сакталып калышына, дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калбай, өз ордун таба билген жаштарга татыктуу билим, таалим-тарбия берүүдө мугалимдерге коюлган талап күчөдү. Мисалы, акыркы алты ай аралыгында баардык ишти үзгүлтүккө учуратып, дүйнөнү каптаган пандемияда агартуу ишин үзгүлтүккө учуратпай аралыктан билим берүү ишмердигин улантып, ар бир мугалим өзүнүн жеке педагогикалык чеберчилигин өстүрүп тургандыгын белгилебей кетүүгө болбойт.
Билим берүү ишмердиги – үзгүлтүккө учуратууга жол бербей турган өндүрүш. Ошол себептен мугалимдердин кесиптик майрамы календарда атайын кызыл түс менен белгиленген эмес. Кесиптик майрамды иш үстүндө белгилөө салтка айланган.
Урматтуу түйшүктүү кесип ээлери!
Бул майрамды иш үстүндө жарык маанайда тосуп алуу үчүн ар бириңиздерде бекем ден-соолук болсун! Үй-бүлөңүздөрдө, эмгек жамаатыңыздарда ар дайым жакшылыктар коштоп жүрсүн! Түйшүгү күчтүү иштин үзүрүн көрүүнү ар бириңиздерге насип этсин!
Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, э.и.д., профессор
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial