Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичтин жаңы жылдык куттуктоосу!
Урматтуу Кыргыз-Өзбек университетинин жалпы эмгек жамааты, сүйүктүү студент достор! Бүгүнкү күндө Кыргыз-Өзбек университетинин окутуучулар жамааты, таланттуу, билимдүү студенттердин курамы улам алгылыктуу иштерди жасап, окуу жайыбыздын атын көтөрүп, сыймыктанарлык жеңиштерге жетишип келе жатышат.
Мен ишенем, мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз. Биздин алдыда кыла турган көптөгөн иштерибиз бар. Буюрса анын бардыгын билим берүүдө опол тоодой орду бар университетибиздин эмгек жамааты, студенттери менен биргеликте аткарабыз. 2019-жыл окуу жай үчүн жемиштүү жыл болду. Жаңы маданий-эстетикалык комплекс курулду, материалдык-техникалык базаларыбыз улам толукталууда. 25 жылдык мааракебизди белгиледик. Алдыда дагы чоң кадамдарды жасоону көздөп турабыз.
Андыктан, кирип келе жаткан 2020- чычкан жылы окуу жайыбыз, мекенибиз үчүн жакшылыктарды, ийгиликтерди алып келген, биримдиктин, ынтымактын, берекенин жылы болсун! Кыргыз-Өзбек университетинде иштеген окутуучулардын, кызматкерлердин ден соолуктары бекем болуп, үй-бүлөсү менен бирге болушсун!
Студенттерибиз зирек, изденгич, ийгиликтерине окуу жайын, ата-энесин, эли-журтун кубанта алган мыкты уул-кыздардан болушуп, окууда көп бийиктиктерди багынтышына тилектешмин! Жыл бою кыргыз жергесинде, сүйүктүү окуу жайыбызда, анын ичинде ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдө кубанычка бөлөгөн жагымдуу кабар, кол сунган ийгиликтер коштосун! Элибизде тынчтык, молчулук, достук орносун! Кадам таштап кирип келе жаткан 2020-жыл ооматтуу жыл болсун! Жалпыңыздарды жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын!