Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуулар кеңешинин №2-отуруму болуп өттү.

Аталган отурумда КӨУнун окуу-иштери боюнча проректору Исаков Топчубай Эргешович, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сарыков Сыргак Токтосунович университеттин 2019-2020-окуу жылындагы аткарылган окуу-усулдук жана тарбия ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык эсеп-кысабын беришти.
Ошондой эле күн тартибине ылайык эл аралык жана сырткы байланыштар департаментинин директору Балтабаева Аида Тынайбековна эл аралык жана сырткы байланыштар департаментинин 2019-2020-окуу жылы үчүн жыйынтык эсеп-кысабы жана ѳнүгүү перспективалары жөнүндө кеңири маалымат берди.
Андан соң ар түрдүү маселелер каралып отурумдун жүрүшүндө берилген маалыматтар окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылып, суроо-жооп, талкуу менен жыйынтыкталды.