Кыргыз-Өзбек университетинин кыздары жеңүүчү аталды.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын демилгеси жана Республикалык Аялдар кеңешинин колдоосу менен эл аралык аялдар күнүнө карата Ош шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлардын студент кыздарынын арасында “Кана эмесе кыздар” аталышындагы таланттар таймашы болуп өттү.
Майрамдык сынакта Ош мамлекеттик университетинин Оштогу гуманитардык педагогикалык институттун, Ош технологиялык университетинин жана Кыргыз-Өзбек университетинин таланттуу кыздары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Төрт баскычтан турган сынактын саламдашуу бөлүгүгүнөн тартып, жыйынтыктоочу баскычына чейин Кыргыз-Өзбек университетинин тапан кыздары уюткулуу улуттук кийимдери, башка топтордон айырмаланган аткаруу чеберчиликтери, чыгармачылык бийиктиктери аркылуу башкалардан кескин айырмаланып турушту. Султан Ибраимов атындагы улуттук драмалык театрынын залына жык толгон жалпы күйөрмандардан колдоо таап, берилген ар бир тапшырма боюнча калыстар тобунун бийик баасына арзышты. Жыйынтыгында аталган университеттин чыгаан кыздары баш байгени багындырышты. Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуулар кеңешинин кеңейтилген жыйынында КӨУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кыздардын жеңиши менен куттуктап, университеттин атын чыгарып. даңазалап жүрө бергиле деген тилегин билдирди.