Кыргыз-Өзбек университетинин жогорку кесиптик билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча лицензиялык экспертизадан өткөрүү үчүн 5 адамдан турган экспертизалык комиссия өз ишин баштады
Кыргыз-Өзбек университетинин жогорку кесиптик билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө берилген лицензияларындагы студенттердин чектелген санын көбөйтүп берүү жана жогорку кесиптик билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн лицензия алууга берилген арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин атайын буйругуна ылайык, 2020-жылдын 11-ноябрында Кыргыз-Өзбек университетинин жогорку кесиптик билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча лицензиялык экспертизадан өткөрүү үчүн 5 адамдан турган экспертизалык комиссия өз ишин баштады.
Лицензиялык экспертизаны жүргүзүү иши 12-ноябрь күнү жыйынтыкталат.